111.The Palm Fibre

  1. Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды
  2. Ага мал- дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок
  3. Ал жакында алоолонгон Тозокко ташталат
  4. Ал эми (Пайгамбарга каршы доомат - ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда
  5. Анын мойнунда (тозоктогу) курма дарагынын буласынан (эшилген) жип