13.The Thunder
- Алиф, Лам, Раа. Булар — Китеп аяттары. Жана (оо, Мухаммад), сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Кураан) Акыйкат. Бирок, (буга) көпчүлүк адамдар ишенишпейт
- Аллаһсилер көрүп турган асмандарды тирөөчсүз көтөрдү. Андан кийин Арштан бийик болду?. Жана Күн менен Айды (пенделердин пайдаларына) моюн сундурду. Алардын ар бири (Кудуреттүү Кудайдын башкаруусу менен) белгиленген убакытка (Кыяматка) чейин (мейкиндикте сүзүп) жүрө берет. (Аллаһ) иштерди башкарат. Раббиңерге жолугууну анык-айкын билип алууңар үчүн аят- далилдерди анык, толук көргөзүп берет
- Жана Ал жерди(н бетин) жайык кылып ага тоолорду, дарыяларды жаратты. Жер бетине ар түрдүү мөмөлөрдөн эки жуптан жаратты. (Жана) Ал күндүздү түн менен ороп койот. Албетте, ушуларда пикирин иштеткен адамдар үчүн (Аллаһтын даанышмандыгына жана кудуретинде) далилдер бар
- Жана жер бетинде бири-бирине жакын айдоо жерлер, жүзүм бактар, эгиндер жана бутактуу-бутаксыз курмалар бар. (Алар) бир (түрдүү) суу менен сугарылат. Жегенде Биз алардын кээ бирин башкаларынан артыгыраак кылып койобуз. Чынында, бул нерселерде акылын иштеткен адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине) белгилер бар
- Эгер (бул айтылгандарды) «таң калычтуу» десең, ыймансыздардын «биз топурак болуп калгандан кийин кайрадан жаратылабызбы» деген сөздөрү (андан бетер) таң калычтуу. Алар Раббилерине каапыр болгон адамдар! Алардын мойнунда (ыйманына тоскоол болгон, дүйнө) кишендер\(и) бар. (Ошондуктан,) алар Тозок ээлери! Анда түбөлүк калышат
- Алар сени жакшылыктан мурун жамандыкка (азапка) шаштырышат.! Аларга чейин деле (ушундай) окуялар өткөн. Албетте, сенин Раббиң адамдар өз зулумдук-каапырчылыктарынын үстүндө болсо да, алар үчүн кечирим Ээси. Чынында, Раббиңдин азабы катуу
- (Каапырлар) «Ага (Мухаммадга) бир (сезилген-көрүнгөн) моожиза келсе...» дешет. Чынында сен (Тозоктон) эскертүүчүсүң. Жана ар бир коомдун Туура Жолго баштоочусу бар
- Аллаһар бир ургаачынын боюна көтөргөнүн жана жатындар (мөөнөтүнө жеткирбей, өлүк же тирүү абалда) «таштап койгон» жана мөөнөтүнөн өткөрүп төрөгөн нерселерди (да) билет. Ар бир нерсе Анын алдында эсептелүү
- Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү (кайыпты) да Билүүчү, Улук, Жогорку
- Силердин араңардан сөздү сыр туткан менен ашкере сүйлөгөн, түндөсү жашынып жаткан менен күндүзү жашынып жүргөн адам (Аллаһтын алдында) бирдей (белгилүү)
- Ал (адам) үчүн алдынан, аркасынан күзөтүүчүлөр (периштелер) бар. Алар Аллаһтын буйругу менен аны коргоп-сактап жүрүшөт. Чынында, Аллаһ эч бир коомду(н жашоосун) качан алар өздөрүндөгү нерсени (ишенимди) өзгөртмөйүнчө өзгөрпөйт. Эгер Аллаһ бир коомго жамандыкты кааласа, аны эч ким кайтара албайт. Адамдар үчүн Аллаһтан башка Өкүмдар жок
- Ал (Аллаһ) Силерге чагылганды (анын зыян келтирүүсүнөн) корккон жана (пайдасынан) үмүт кылган абалыңарда көргөзөт жана (жамгыры менен) оор болгон булуттарды жаратат
- Ага күркүрөк дагы тасбих (мактоо) айтат жана периштелер да Ага корккондору себептүү тасбих айтышат. Ал (сыгылган булуттардын арасынан) чагылган жиберип, Аллаһ жөнүндө талашып турган кезинде аны менен Өзү каалаган адамдарды урат. Ал — Кудурети күчтүү Зат
- Чыныгы дуба (ибадаттар) Өзүнө гана ылайык! Дуба кылып жаткан Аллаһтан башка «кудайлары» аларды(н дубаларын) укпайт. Алар оозуна жетиши үчүн сууга алакан созуп, бирок суу ага жетпей турган кишиге окшойт.! Каапырлардын дубасы (ар дайым) адашуучулукта
- Асмандарда жана, жерде болгондун бардыгы кааласа да, каалабаса да Аллаһка сажда кылышат?” Эрте менен жана кечинде Аллаһка алардын (бардык нерсенин) көлөкөлөрү да (ийилип) сажда кылышат
- Айт: «Асмандар жана жердин Раббиси (жаратуучусу) ким?» Айткын: «Аллаһ!» Айт: «Өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган Аллаһтан башкаларды дос-башчы тутуп алдыңарбы?» Айт: «Сокур менен көрүүчү, караңгылык менен нур тең боло алабы?» Же болбосо алар Аллаһка (башка «кудайларды») шерик кылышып, (булар деле) Аллаһ жараткандай жарата алат» (деп ойлоштубу?) Анан (өз сөздөрүнө өздөрү ишене албай) жаратылыш аларга күмөндүү болуп калдыбы?» Айт: «Бардык нерселердин жаратуучусу Аллаһ! Ал Жалгыз, бардыгын Жеңүчүү!»
- (Аллаһ) асмандан суу түшүрдү. Жылгаларда көлөмүнө карап суулар акты. Сел үстүнө калдайган (бирок, ичи көңдөй) көбүктөрдү көтөрдү. (Адамдар) зыйнат-буюм жасоо үчүн от жагып эрите турган нерселерден да ошондой көбүк чыгат.! Аллаһ Акыйкат менен адашууга мына ушунтип мисал келтирет. Көбүк кургап-кургап жок болот. Адамдарга пайдалуу (асыл) нерселер болсо жер бетинде калат. Аллаһ мына ушинтип мисал келтирет
- (Дин-ыйманды кабыл алып) Раббисине жооп берген адамдар үчүн (эки дүйнөдө) жакшылык бар. Ал эми, Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктан эки эсесин өзү(нүн күнөөлөрү) үчүн тапшырса да (кабыл алынбайт)! Алар үчүн эң жаман эсептешүү бар! Алардын орду - Тозок! Кандай жаман орун
- (О, Мухаммад!) Сага Раббиңден келген нерсенин акыйкат экенин билген адам (аны түшүнбөгөн) сокур кишилерге окшойбу?! Чынында (Аллаһты) акылдуу кишилер гана эскеришет
- Алар Аллаһка берген убадаларын аткарышат жана убадаларына кыянат кылышпайт
- Жана алар (акылын иштеткендер) Аллаһ улаганга буюрган мамилелерди улашат жана (эгер улабай койсо) Раббисинен жана жаман эсепке туш болуп калуудан коркушат
- Жана алар Раббисинин Жүзү(н Кыяматта көрүү) үчүн (диндеги машакаттарга) сабыр кылышат жана, намаз(дарын толук) окушат.., Биз ырыскы кылып берген нерселерден — билдирип же билдирбей — садака кылышат жана жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарышат. Ошолор үчүн Акыретте даңазалуу акыбет-натыйжа —
- «Адн» бейиштери бар. Бейиштерге алар аталары, жуп-түгөйлөгү жана урпактарынан турган салих-жакшы адамдар менен бирге киришет (Анан) аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип
- «Сабыр кылганыңар себептүү силерге Аллаһтын саламы болсун! Акырет Үйү (Бейиш) кандай жакшы!»- дешет
- Ал эми, (Аллаһ менен) убадалашкандан кийин Аллаһтын убадаларына кыянат кылгандар, Аллаһ улаганга буюрган мамилелерди үзгөндөр жана жер бетинде бузукулук кылгандарга.., наалат болсун! Жана аларга жаман орун — (тозок) болсун
- Аллаһ Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен, (каалаганына) тар кылып койот. Ал эми, (каапырлар, Аллаһ кенен ырыскы берип койсо) дүйнө жашоосу менен сүйүнүп (Акыретти ойлобой) жүрө беришет. Дүйнө жашоосу Акыреттин алдында (арзыбаган) пайдадан башка эмес
- Каапырлар: «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көрүнгөн, билинген) моожиза келсе (ыйман келтирмекпиз)!» дешет. Сен айткын: «Аллаһ каалаган пендесин адаштырып, Өзүнө умтулган адамдарды Өзүнө багыттап койот
- Алар- ыймандуулар жана Аллаһты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллаһты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат
- (Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амал кылган адамдарга «Тууба»! жана сулуу-сонун орундар бар
- Мына ошентип, (оо, Мухаммад) Биз сени мурунку үммөттөрдүн артынан келген (акыркы) үммөткө, Рахманга (Аллаһка) каапыр болуп турган кездеринде, аларга Биз вахий кылган нерсени (Кураанды) окуп берүүң үчүн Пайгамбар кылып жибердик. Айткын: «Ал — менин Раббим! Эч бир ибадатка татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү бар! Мен (бардык иштеримде) Анын Өзүнө жөлөнүп, (бардык муктаждыктарымда) Өзүнө гана кайрыламын
- Эгер ушул (Кураан) себептүү тоолор ордунан жылдырылып, жер талкаланып, өлүктөр сүйлөтүп жиберилсе да (болмок. Бирок, Аллаһ Таала Пайгамбарын колдоо үчүн мындай, үрөй учурган моожизаларды жибербей, акыл калчап, пикир менен кабыл алына турган маңыздуу аяттарды жиберди. Себеби:) бардык иш Аллаһтын колунда. Эгер Аллаһ кааласа, адамдардын бардыгын Туура Жолго салып койо алаарын ыймандуу адамдар билишпейби?! Каапырлар (каапырчылыгын) токтотподу. (Ошондуктан,) аларга жасаган күнөөлөрү себептүү азаптар түшүүдө. Же болбосо, журттарына жакын жерлерге түшүүдө. Аллаһтын убадасы (азабы) келди го! Чынында, Аллаһ убадасына кыянат кылбайт
- Сенден мурдакы пайгамбарлар деле (каапырлар тарабынан) келекеленген. Мен каапыр адамдарга мөөнөт берген болчумун. (Эсине келбегенден) кийин аларды (кыйноочу азап менен) кармап койдум. Ал кандай гана (катуу) азап
- Ар бир жандын, жасаган ишинин үстүндө (көзөмөлдөп) Туруучу ким?! Аллаһка (башка «кудайларды») шерик кылышты. Айткын: «(Анда ошол «кудайлардын») атын атап бергиле же болбосо (өзүңөрчө) жер бетиндеги (Анын) билбегенин Ага билгизип коймокчусуңарбы?! Же бул (айтканыңар) үстүртөн эле (айтылган, далилсиз) сөзбү!» Жок! Каапырларга айлакерликтери кооздоп көргөзүлдү жана алар (акыйкат) жолдон тосуп коюлду! Аллаһ кимди адаштырса, аны эч ким Туура Жолго сала албайт
- Аларга дүйнө жашоосунда азап бар. Бирок, Акырет азабы катуураак! Аларды Аллаһтын азабынан эч ким сактап кала албайт
- Такыба кишилерге убада кылынган Бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери — Тозок
- Биз Китеп берген адамдар(дын ынсаптуулары) сага түшүрүлгөн нерсе (Кураан) себептүү сүйүнүшөт.! Ал эми, кээ бир (каапыр) тайпалар анын (Кураандын) бир бөлүгүнө ишенишпейт. Айткын: «Мен Аллаһка эч бир нерсени шерик кылбай сыйынууга буюрулдум. Анын Өзүнө чакырамын жана Өзүнө кайтамын
- Ушинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллаһ тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт
- Биз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз. Эч бир пайгамбар Аллаһтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллаһтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүн жазылган (убактысы) бар
- Аллаһ (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында
- (О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң —жеткирүү. Биздин милдетибиз — эсептешүү
- (Динге каршы болгондор) көрбөй жатышабы, Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз. Аллаһ (ушинтип) өкүм кылат. Анын өкүмүн кечиктирүүчү жок! Ал тез эсептешүүчү
- Алардан мурунку каапырлар дагы (динге каршы) айлакерлик кылышкан. Бирок, бардык айлакерлик Аллаһтын колунда. Ал ар бир жан эмне кылганын билип турат. Каапырлар Акырет Үйү кимдин пайдасына болушун жакында билип алышат
- Каапыр болгон адамдар: «Сен пайгамбар эмессиң» дешет. Айткын: «Мени менен силердин араңарда күбөлүк кылууга Аллаһ менен Китеп илими бар адамдар жетиштүү»