15.The Rock
- Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин — Анык Кураандын аяттары
- (Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.”
- (О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат
- Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмышщ(ы) келмейинче өлтүрбөдүк
- Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт
- (Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Кураан) түшүрүлгөн адам, сен — жиндисиң
- Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти
- Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт
- Биз Зикирди (Кураанды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз
- Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз
- Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн
- Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз
- (Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го
- Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей)
- «Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет
- Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук
- Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык
- Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт)
- Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк
- Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык
- Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз
- Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды? жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О, инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер
- Чынында, Биз гана тирилтирип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз
- Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз
- (О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышман (жана) Билерман
- Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.”
- Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз
- (О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын
- Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла»- деди
- Бардык периштелер сажда кылышты
- Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты
- (Аллаһ):»О, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди
- «Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» -деди
- (Аллаһ) Айтты:»Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың
- Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»
- (Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»
- (Аллаһ) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң
- белгилүү убакытка чейин»
- (Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын
- Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын
- (Аллаһ) айтты: «Бул — Мага (алып келүүчү) Туура Жол
- Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт)
- Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок
- Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет)
- Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде
- (Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик)
- Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат)
- Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт
- (О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана Кечирүүчү Ырайымдуумун
- Чынында менин азабым — жан ооруткан азап
- (О, Мухаммад), аларга Ибрахимдын меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир
- Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» — деди
- «Коркпогун, — дешти алар, — биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз.»
- (Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Кандай (себеп менен) сүйүнчүлөйсүңөр?”
- «Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти
- (Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан заалым адамдар гана үмүтсүз болушат
- (Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»
- Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз
- Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз
- Аялынан башкасын. Биз, аны (азапта) калуучулардан болот деп эсептейбиз.»
- Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде
- Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» — деди
- (Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик
- Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз
- Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка кете бергиле.»
- Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»! жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык
- Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти
- (Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла
- Аллаһтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!»- деди
- (Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»
- (Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди
- (О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле
- Анан.., Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады
- Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык
- Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
- Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.”
- Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
- Бак-бостон кожоюндары заалым (каапыр) болушкан
- Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда
- «Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти
- Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту
- Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн
- Анан.., аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты)
- Жасаган нерселери аларга пайда берген жок
- Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр
- Албетте, сенин Раббиң — Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү
- Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Кураанды бердик
- Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллаһтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын
- Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн
- Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк
- Алар Кураанды бөлүктөргө ажыратышты
- Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз
- жасаган иштерине жараша
- (Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур
- Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз
- Алар Аллаһка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет
- Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат
- Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол
- Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл