90.The City

  1. Ушул шаарга” ант
  2. Сен (о, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың
  3. (Адам)-Атага жана урпактарга ант
  4. Биз инсанды машакатка жараттык
  5. (Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу
  6. Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт
  7. Алөзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу
  8. Биз ага эки көз бербедикпи
  9. Тил жана эки эрин бербедикпи
  10. Жана Биз аны эки жолго багыттадык
  11. Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү
  12. (О, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң
  13. (Оор жол — бул) кул азат кылуу
  14. же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү —
  15. тууганчылыгы бар жетимге
  16. Же чаңга буланган кедейге
  17. Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо
  18. Дал ошолор оң тарап ээлери
  19. Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери
  20. Аларды ар жактан от каптап алган