91.The Sun

  1. Күн жана анын жарыгына ант
  2. Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант
  3. Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант
  4. Жана аны ороп кала турган түнгө ант
  5. Асманга жана аны (бекем) курганга? ант
  6. Жерге жана аны жайганга ант
  7. Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!°
  8. Ал (Аллаһ) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду
  9. Эми, ким напсисин (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет
  10. Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат
  11. Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды
  12. Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду
  13. Аларга Аллаһтын элчиси “Аллаһтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллаһтын азабы келет!”) деди
  14. Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды
  15. Ал (Аллаһ Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт