93.The Morning Hours

  1. Шашке маалына ант
  2. Тынч-— караңгы түнгө ант
  3. (О, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок
  4. Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак
  5. Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң
  6. Ал (Аллаһ) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?”
  7. Жана (Аллаһ) сени адашкан абалда таап?, андан кийин Туура Жол көргөздү го
  8. Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды
  9. Эми, сен жетимге каарыңды төкпө
  10. Жана сураган адамга орой мамиле кылба
  11. Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө