95.The Fig

  1. Анжирге ант, Зайтунга ант
  2. Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант
  3. Жана мына бул тынч шаарга (Маккага) ант
  4. Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык
  5. Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз
  6. Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (Бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар
  7. (О,инсан! ) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды
  8. Аллаһ эң даанышман өкүмдар эмеспи