96.The Clot

  1. Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен
  2. Алинсанды уюган кандан жаратты
  3. Оку, сенин Раббиң эң улук Зат
  4. Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү
  5. Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди
  6. Жок! Чынында, инсан чектен ашат
  7. өзүн бай-беймуктаж көргөндө
  8. Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана
  9. Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
  10. намаз окуган пендеге
  11. Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо
  12. Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса
  13. (О, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе
  14. Билбейби ал Аллаһ көрүп турганын
  15. Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз
  16. Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан
  17. Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин
  18. Биз дагы (“Забаания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз
  19. Жок, сен ага! моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллаһ Таалага) жакын бол