98.The Evidence

  1. Китеп ээлеринен (яхудийлер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады
  2. (Анык Чындык) таза барактардагы (Кураанды) окуп берген Аллаһтын элчиси
  3. Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар
  4. Китеп берилген элдер (яхудийлер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти
  5. Алар бардык ибадаттарды калыс Аллаһ үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин
  6. Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар Тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы
  7. Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар — жаратылгандардын эң жакшысы
  8. Раббисинин алдында алардын сыйлыктары — анда "Адн" Бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллаһ ыраазы болду, алар Аллаһтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн