99.The Earthquake

  1. Жер катуу титирегенде
  2. жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда
  3. Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт
  4. Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт
  5. Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.”
  6. Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет
  7. Жана ким кыпын салмагындай* жакшылык кылган болсо — аны көрөт
  8. жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо — ошону көрөт